
Бүгүн бизде конокто Ак илбирстерди коргоо жаатында иш алпарган, Кыргызстанда Ак илбирстерди коргоо фондунун жетекчиси жана Snow Leopard Trust уюмунун улуттук координатору Кубанычбек Жумабай уулу болду.
Мазмуну
0:05 Таанышуу
1:50 Ак илбирстердии коргоо уюму.
2:50 Илбирс жаныбары, жапайы жаратылыш, эко система жөнүндө.
9:47 Кыргызстанда илбирс тин азайышынын себептери.
15:03 Илбирстерди коргоо боюнча ар кандай программалар менен чогуу иш алпаруу.
16:24 Бийик тоолуу райондордогу айылдын жашоочулары менен илбирсти коргоо жана андан коргонуу жолдору боюнча программалардын жүрүшү.
19:00 Эл аралык уюм менен биргеликте жергиликтүү элдер менен кол өнөрчүлүк боюнча кийизден ар кандай оюнчуктарды, шырдак жасоо долбоорлорунун ишке ашуусу.
22:00 Балдарды жаратылышка жакындатуу максатында, аларды кызыктыруу үчүн билим берүү программасы. Мектеп окуучулар арасында 20 группанын түзүлүшү.
23:40 Ар кандай конкурстарды уюштуруп, кызыктыруучу белектер менен сыйлап, алардын арасынан активдүү балдарды тандап алып уюмдун эсебинен тоого лагерге алып барып жаратылышка жакындатуу програмалары тууралуу.
25:48 Кыргызстанда жаратылышты коргоочу аймактардын корукчуларын жылына бир жолу сыйлоо программасы. 26:26 Илбирсти коргоо, изилдөө боюнча илимий программа.
28:10 Экотуризмди өнүктүрүү боюнча программаны сунуштоо.
30:56 Токой чарбасы менен биргеликте бак отургузуу акциянын башталышы жана ал жерлерди туристик объектилерге айлантуу максаттары.
33:33 Мугалимдер менен биргеликте мектептин программасынан тышкары окуучуларга жаратылыш, жапайы жаныбарлар тууралуу кошумча материалдарды берүү боюнча иш алып баруу.
34:10 Айылдарда бал челекчилерди өнүктүрүү, аларды окутуу программасы.