
Бүгүн бизде конокто учурда Екатеринбург шаарында түзүлгөн кыргыз диаспоралдык коомдук уюмунун жетекчиси Гульшан Долонбаева.
Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын ролу жана жетишкендиктери, жарандардын ар кандай көйгөйлөрүн чечүүдөгү аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маек.
Мазмуну
0:06 Таанышуу
1:06 Кесиптик өмүр баяны. Екатуринбург шаары, андагы Кыргыз диаспоралык коомдук уюм тууралуу.
2:11 Диаспора боюнча кыскача түшүнүк. Диаспоралардын ар кандай саясий курал катары колдонулуп жаткандыгы жөнүндө.
4:40 Жарандардын диаспоранын жүргүзгөн кызматы тууралуу маалыматынын жоктугу, коомго, диаспорага тийгизген салымы, милдеттери тууралуу билбегендиги.
10:30 Россия Федерациясында кыргыз диаспоралары биргелешип бир чоң күчкө айланса, жергиликтүү бийликтин алдында оорду чоң болоору тууралуу ойлор.
12:50 Дүйнө жүзүндөгү кыргыз диаспоралары биригип илим-билим, маданият, саламаттыкты сактоо же гуманитардык багытта иш чараларды алып кетсе болоору тууралуу ой пикири.
14:19 Диаспоранын ичиндеги ар түрдүү градациядагы адамдар, Россиядагы мигранттар менен Европа, Америкадагы мигрантардын айырмачылыгы.
16:12 Россияда кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүдөө иштеп жаткан коомдук активистерге ыраазычылык.
19:50 Кыргыз диаспорасы Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде иш алып барат. Кыргызстан-Урал диаспорасынын тарыхы, коомдук уюмду түптөгөн активистер жөнүндө.
22:10 Диаспоранын максаты улуттук аң-сезимди сактап калуу, кыргыз маданиятын, тилин, үрп адаттарын кийинки муунга өткөрүп берүү.
26:14 Алгачкы жолу миграциядагы аялдардын орду, жүзү тууралуу 2019-жылы эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүшү.
28:22 Демилге колдоого алынып, ошол жердеги жергиликтүү бийликти, кыргызстандыктарды миграциядагы аялдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруусу.
29:20 Россиядагы ишкер айымдардын көйгөйлөрүн чечүүдө жасалып жаткан иш чаралар.
36:20 Россияда болуп жаткан окуялар тез арада бүтүп, жакшы нукка түшүп, ааламда тынчтык болсун деген ой тилек менен маек аяктады.