
Сюита Соурбаева телевидениеде жаңы эмес киши, ал көп жылдар бою республикалык жана жергиликтүү телеканалдарда түрдүү кызматтарда иштеген. “Медиакыздар” подкастында Сюита журналист катары басып өткөн жолу, мамлекеттик маалымат каражаттарынын ишин кандай көрөөрү, аймактык ЖМКлар кандай кыйынчылыктарга дуушар болорун, популярдуу каналдын түз эфирине чыгуу жана катуу жетекчи болуу кандай болору тууралуу айтып берди.